Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулубаев Москва өкмөтүнүн министри менен кыргызстандыктардын Россия Федерациясындагы иштөө шарттарын талкуулады

Тараптар ошондой эле Бишкектеги “Москва үйү” маданий-ишкер борборунун ишин талкуулашты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир күн мурун Москва өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сергей Черемин менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кулубаев Москвада иштеген кыргызстандыктардын саны арбын экенин белгилеп, аларга жагымдуу шарттарды түзүүгө максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Орус тарап Бишкектеги “Московский үйү” маданий-ишкер борборунун натыйжалуу иштешине кызыкдар экендигин билдирди, бул эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

 

Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх