Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үч шайлоо округу бюнча парламенттин депутаттарын шайлоо. Алдын ала жыйынтыктар

Бардык автоматтык эсептөө урналарынан маалыматтар алынды

Бир күн мурун, 28-апрелде Кыргызстанда №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү болду.

20.40та бардык автоматтык эсептөө урналарынан маалыматтар кабыл алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, №2 Баткен шайлоо округу боюнча 28 миң 508 адам добуш берип, шайлоочулардын 25,37%ы катышты. Бактияр Калпаев алдыда келе жатат. Ал шайлоочулардын 41,51% добушун алган.

№7 Ош шайлоо округу боюнча 23 078 адам добуш берип, 18,41% катышты. Талапкер Бекмурза Эргешов 43,8% добуш менен алдыда келе жатат.

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча 21 023 адам добуш берип, 18,77% катышты. Алдыда Илимбек Кубанычбеков келе жатат. Ал жалпы элдин 36,16% добушун алган.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштарды кол менен саноонун негизинде эки жуманын ичинде белгилүү болот.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх