Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рамиз Алиев Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болду

Ал бул кызматка Жыргалбек Шамыралиевдин ордуна келди

Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал бул кызматка вице-мэрликтен өз каалоосу менен кеткен Жыргалбек Шамыралиевдин ордуна келди.

Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Эске сала кетсек, буга чейин Рамиз Алиев “Тазалык” ишканасын бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келген.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх