Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат

"Темир жол курулса, биз дүйнөгө чыга алабыз."

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ушул жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Анын айтымында, азыр Кыргызстан логистика жагынан «туюк» мамлекет болуп саналат, ал Казакстан менен Орусиянын темир жолдору аркылуу гана дүйнөгө чыга алат.

«Темир жол курулса, биз дүйнөгө чыга алабыз. Бул биздин өзүбүздүн жолубуз болот», - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин март айында президент China State Railway Group Co., Ltd. компаниясынын башкы директорунун орун басары менен жолугушкан. Ван Тунжун белгилегендей, тараптар долбоорду ишке ашыруу механизми боюнча бирдиктүү пикирге келишкен.

Садыр Жапаров Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан бул долбоорду илгерилетүү боюнча жигердүү иштеп жатканын билдирди. Андан соң ал бул маселе боюнча Кыргызстан абдан чечкиндүү көз карашта экенин жана жакынкы бир нече жылда бул магистралды курууга ниеттенип жатканын билдирген.

Өз кезегинде Ван Тунжун Кыргызстандын мамлекет башчысы менен жолугушууда тараптар кызматташууну илгерилетүү процедураларын тездетүүгө даяр экенин баса белгилеген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх