Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышты - фото

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашык адам катышты

Садыр Жапаров кечээ, 9-майда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашык адам, 70 даана аскердик техника жана учактар катышты. Жөө колоннага салттуу түрдө аскерлердин түрлөрү жана бутактары боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирет.

 

Парадга Беларустун лидерлери Александр Лукашенко, Казакстандын Касым Жомарт-Токаев, Кыргызстандын Садыр Жапаров, Орусиянын Владимир Путин, Тажикстандын Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын лидерлери Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канел, Лаостун президенти Тонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало чакырылды.

 

Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет башчылары Владимир Путин менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

 

Сүрөт КР президентинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх