Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары А.Исаев БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары А.Мохаммед менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын делегациясы БУУнун токойлор боюнча форумунун 19-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына келди

2024-жылдын 7-майында Нью-Йоркто Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммед менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Алар 2023-жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга карата өз ара аракеттенүү пландарын, жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-сапарларды, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясын, Келечек Саммитин, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Бонн конференциясын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын 29-сессиясын белгилешти.

Асеин Исаев кыргыз тараптын демилгелери жана «Тоолор жана Климат» жаңы глобалдык диалогун БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын жылдык күн тартибине киргизүү боюнча иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Амина Мохаммед эл аралык аренада тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү Кыргыз Республикасынын лидерлик ролун белгиледи. Ошону менен бирге ал климаттык көйгөйлөрдү: тоолор, мөңгүлөр, дарыялар жана токойлордун көйгөйлөрүн чечүүгө комплекстүү кароо зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын делегациясы БУУнун токойлор боюнча форумунун 19-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына келди.

Фото: Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх