Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Саммит жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган

15-16-майда Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азияга сапарынын алкагында ишке ашат, биринчи барган өлкө Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушууларда кыргыз-малайзиялык мамилелердин бардык спектрин активдештирүү маселелери, атап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар талкууланат», - деди Азымбакиев.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх