Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Астанада Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери жолугушту

Жолугушуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү

Астанада Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Мухаммад Исхак Дардын жолугушуусу болду.

Жолугушуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода, инвестиция, текстиль өнөр жайы, туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, төлөмдөрдү төлөө маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык дипломатия, маданий-гуманитардык байланыштарды жана жогорку деңгээлдеги визиттерди алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

Министрлер соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын ролун жана “CASA-1000” субрегионалдык энергетикалык долбоору боюнча эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн белгилешти.

«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара сапарлардын динамикасын жогорулатуу жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча күч-аракеттерди багыттоо боюнча макулдашышты. Тараптар жакын арада Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда саясий маселелер, ошондой эле консулдук-укуктук чөйрө боюнча консультацияларды өткөрүү чечимине келишти», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх