Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна жөнөп кетет

Ал аэропорттун, ГЭСтин ачылыш аземине жана башка иш-чараларга катышат

Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы Талас шаарындагы аэропорттун жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышат.

Садыр Жапаров Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына дагы катышат. Иш-чара УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх