Садыр Жапаров Бишкек мэриясынан шаардагы тартипти талап кылды
"Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым"
Президент Садыр Жапаров шаар бийлигине Бишкектеги көрнөк-жарнактарды алып салууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбук баракчасына жазды.
«Шаардын ичин ирээтке келтиргиле! Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым», - деп белгиледи ал.
31-августка чейин мэрия Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык көрнөк-жарнактарды лед экрандарына алмаштыруусу керек.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз