Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Элдин байлыгын уурдагандар байларды кустурабыз

УКМКнын төрагасы коррупцияга каршы күрөш улана турганын билдирди

Элдин байлыгын уурдагандар байларды кустурабыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

“Кеп мыйзамсыз алынган мүлктөр тууралуу болуп жатат” – деп аткаминер тактады.

«Мурдагы заманда оор учурлар болгон. Ал эми кээ бир адамдар мындан пайдаланып, көптөгөн мамлекеттик ишканаларды өтө арзан сатып алып же коррупциялык жол менен менчиктештирип алышкан. Элдин мүлкүн ээлеп алышып, 30 жыл бою байып жүрүштү. Бирок бул элдин байлыгы. Биз бардыгын эми иретке келтиребиз. Бир нече эле адамдар эмес, жалпы эл байышы керек», - деди Ташиев.

Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөш уланып, мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр мамлекетке кайтарылат деп айтты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх