Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен учуп кетти. Делегациянын мүчөлөрү

Иш сапар 26-июнга чейин уланат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Бельгияга учуп кетти.

Мамлекет башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын расмий делегациясынын курамына төмөнкүлөр кирет:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттик аппараттын Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиев;

- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерланддагы жана Люксембургдагы элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа биримдигиндеги Туруктуу өкүлү Айдит Эркин;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Каржы министринин орун басары Руслан Татиков.

24-26-июнь күндөрү боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат.Ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишельдин расмий жолугушуусу болот. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробиримдик жана Бельгиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх