Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту
Ал падышаны Кыргызстанга келүүгө чакырды
Садыр Жапаров бүгүн Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында Король Филипп менен жолугушту.
Тете форматта өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Король Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз