Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолугушту

Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго катышууга даяр экендигин белгиледи

Президент Садыр Жапаров Бельгиянын Брюссель шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, инвестицияларды тартуу, тоо-кен өнөр жай биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, жашыл экономика, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Валдис Домбровскис Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул өңүттөн ал Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын баса көрсөттү.

Муну менен катар Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго катышууга даяр экендигин белгиледи.

Тактап айтканда, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна кызыкдар экенин билдирип, алардын экономикалык потенциалын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки тараптуу кызматташуунун жетишкендиктерин мындан ары бекемдейт жана келечектеги эки жактуу өнөктөштүк үчүн жаңы, заманбап жана амбициалуу мыйзамдык базаны камсыз кылат деген ишеним билдирди.

Президент баса белгилегендей, Кыргызстан өзүнүн жайгашкан жерин жана транзиттик дараметин эске алуу менен соода жана инвестиция үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен катар жашыл күн тартибин активдүү илгерилетип жатат жана 2030-жылга карата парник газдарынын чыгарылышын 44% кыскартууну, ал эми 2050-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү көздөп жатат деп ырастады.

Жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгесинин алкагында жана дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга биргелешип салым кошуу максатында президент тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө суу ресурстарын башкаруу жана Кыргызстанда тоо-кен иштетүү тармагында заманбап, экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх