Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров TBEA компаниясынын Президенти жана CNNC корпорациясынын Төрагасынын орун басары менен жолукту

Жолугушуунун жыйынтыгында 400 МВт күн электр станциясын куруу жөнүндөгү инвестициялык долбоорго кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында “TBEA Company Limited” компаниясынын Президенти Чжан Синь менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө компания тарабынан буга чейин ишке ашырылган Бишкек шаардык ЖЭБин модернизациялоо, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысын жана подстанция куруу, республиканын түштүк аймагынын электр өткөрүү чубалгысын жакшыртуу долбоорлору жана келечектеги пландар тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров ТВЕА компаниясы тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун республика үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, компанияны Кыргызстанга кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү үчүн катышууга чакырды. Кызматташуунун эң тез багыттарынын бири электр унааларын кубаттоочу ыкмаларын ишке киргизүү жана орнотууга болот.

Өз кезегинде ТВЕА компаниясынын Президенти Чжан Синь Кыргызстан менен жаңы идеяларды жана энергетикалык долбоорллорду ишке ашырууга дайым даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын улуттук ядролук корпорациясынын (CNNC) Төрагасынын орун басары Лу Течжун менен жолукту.

Анда тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери, өзгөчө күн электр станцияларын куруу боюнча сөз болду, ошондой эле экономиканын башка тармактарындагы долбоорлорду да ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Фортис KG” ЖЧК, “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” Мамлекеттик мекеме ортосунда “Кара-Талаа участкасына жалпы кубаттуулугу 400 МВт күн электр станциясын куруу жөнүндөгү” инвестициялык долбоорго кол коюлду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх