Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕККУнун төрагасы Ян Борх Кыргызстанга келет

Өлкө бийлиги менен бир катар жолугушуулар пландалууда

ЕККУнун төрагасы, Мальтанын тышкы жана европалык иштер жана соода министри Ян Борх Кыргызстанга келерин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, иш сапарынын алкагында Ян Борч президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен жолугушат.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальтанын төрагалыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх