Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Тургунбаев Жаратылыш ресурстар министрлигинин жетекчилигинен бошотулду

Ал КР Улуттук банкынын жетекчилигине талапкерлигин коюп жатат

Мелис Тургунбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, айрым маалыматтарга караганда, Тургунбаев Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын бош кызматына сунушталат.

Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх