Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Швейцариянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Ал министр Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келүүдө

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис 3-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

КР Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, ал министр Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келүүдө.

Швейцариялык саясатчы сапарынын алкагында Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкуулашат.

Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассисти президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх