Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келди

Аны Эдил Байсалов Ысык-Көл аэропортунан тосуп алды

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу мейманды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

 

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле ПРООНдун долбоорлорунун бирине баруу пландаштырылууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Сүрөт Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх