Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беларусь ШКУга толук кандуу мүчө болду

Бүгүн Астанада документтерге кол коюу аземи өттү

Беларусь Республикасы Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө болду. Документке кол коюу аземи бүгүн Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында болуп, анда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Ошентип Беларусь ШКУнун онунчу мүчөсү болуп калды. Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан уюмда ушундай статуска ээ.

Белгилей кетсек, Беларусь ШКУга 2010-жылдан бери диалог боюнча өнөктөш, 2015-жылдан бери байкоочу катары катышып келет. 2022-жылдын 16-сентябрында Самаркандда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынтыгы боюнча республиканын уюмга кирүү жол-жобосун баштоо чечими кабыл алынган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх