Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров ШКУнун саммитинде эмне жөнүндө сөз сүйлөдү?

Бүгүн Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө

Садыр Жапаров Астанадагы саммитте буга чейин Кыргызстан тарабынан айтылган демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеген.
ШКУ кабыл алган демилгелер туруктуу, коопсуз жана өнүккөн аймакты курууга болгон жалпы умтулууну толугу менен чагылдырат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Астанадагы ШКУ саммитинде билдирди.
Ал ШКУнун демилгелери коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймак курууга багытталганын белгиледи.

"ШКУнун кабыл алынып жаткан "Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгеси, ошондой эле уюмдун мамлекет башчыларынын кеңешинин "Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө" билдирүүсү туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймакты курууга болгон жалпы умтулуубузду толугу менен чагылдырат", — деген Жапаров.

Өлкө башчы терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук көйгөйлөрү биргелешип иштөөнү талап кыларын, Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү жөнүндө Кыргызстандын сунушу маанилүү экенин айтты.
Президент 2025-жылы ШКУ жаштарынын санариптик форумун Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Мындан тышкары, өлкө башчы өз сөзүндө транспорттук, экономикалык, соода тоскоолдуктарын кыскартуу маселелерине токтолгон. Анын ичинен кыргыз тарап ШКУ Өнүктүрүү банкы жана ШКУ Өнүктүрүү фонду сыяктуу долбоорлорду каржылоо үчүн атайын институт түзүү зарылдыгын бир нече жолу белгилегенин эске салды.

Ошондой эле Жапаров экологиялык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Тактап айтканда, Кыргызстан тоолуу өлкө катары 2000-жылдардын башынан бери тоо проблемаларына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келерин айтты. Ал 2027-жылы 2027-жылы Кыргызстанда "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитин, биринчисинен 25 жылдан кийин өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы Регионалдык антитеррордук түзүмдүн аткаруу комитетинин директорлугуна Уларбек Шаршеевдин талапкерлиги колдоого алынганы үчүн баарына ыраазычылык билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх