Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга ШКУ жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлору келди

Аталган иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын башкы прокурору бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт

Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлору келди.

Эскерте кетсек, эртең, 25-июлда Бишкекте ШКУнун башкы прокурорлорунун XXII жыйыны жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун III жыйыны өтөт.

Аталган иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын башкы прокурору бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт:

  • ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен;
  • ШКУнун башкы прокурорунун орун басары Джанеш Кейн жана уюмдун катчылыгынын эксперттери менен;
  • Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен;
  • Түркиянын башкы прокурору Мехмет Шентюрк менен;
  • Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен;
  • Россиянын башкы прокурору Игор Краснов менен;
  • Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов менен;
  • Беларустун башкы прокурору Андрей Швед менен.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх