Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Россия менен Түркиянын Башкы прокурорлору жолукту

Алардын жолугушуусу ШКУ өлкөлөрүнүн Башкы прокурорлорунун 22-отурумунун алкагында болду

Краснов Түркия менен өз ара байланыштар жогорку деңгээлде болгондуктан Россиялык укук коргоочулардын издөө салгандарды табуу боюнча өтүнмөлөрүнүн көбү аткарылып жатканын белгилеген.
Бишкекте Россиянын Башкы прокурору Игорь Краснов түркиялык кесиптеши Мухсин Шентүрк менен жолукканын РФтин көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
Алардын жолугушуусу ШКУ өлкөлөрүнүн Башкы прокурорлорунун 22-отурумунун алкагында болду.

Краснов Россия менен Түркиянын президенттери эки тараптуу пайдалуу кызматташууларды бекемдөө менен өлкөлөр аралык алакага жогорку деңгээлде көңүл бурушарын белгилеген. Өлкө лидерлеринин 3-июлда Астанадагы жолугушуусунда бардык тармактар боюнча кызматташуулар өнүгүп жаткандыгы айтылган. Россия менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуулар натыйжасын берүүдө. Краснов Түркиядагы өз ара байланыштардын жогорку деңгээлинен улам Россиянын укук коргоочулары издөө салгандарды табуу боюна өтүнмөлөрүнүн көбү аткарылып жатканын белгилеген.

"Мен сиздердин иш жүзүндөгү саясатташпаган багытыңыздарды колдойм, бул биздин кылмышкерлер жазадан кутула албайт деген принципти катуу кармаганыбыздан кабар берет", – деди Краснов.

Россиянын башкы көзөмөл органынын башчысы мындан аркы кызматташуунун өнүгүшүнө ишенимин белгиледи. Ошондой эле Россия менен Түркия террорчулук, экстремисттик идеялогияларга, башка коркунучтууу кылмыштарга, анын ичинде компьютердик технологиялар менен жасалып жаткан кылмыштарга каршы биргеликте күрөшөрүнө токтолгон.

"Мындай кылмыштар менен күрөш эл аралык деңгээлде туруктуу түрдө аракет көргөндө жыйынтыктуу болуп жатканын тажрыйба көрсөтүүдө. Бүгүнкү жолугушууда дал ушул күрөш үчүн маанилүү кадамдардын бири деп ишенем. Алдыда заманбап жашоонун коркунучтары менен күрөшүүдөгү жалпы маселелерди чечүү боюнча биргелешкен чоң иштер турат", — деп кошумчалаган Россиянын башкы прокурору.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх