Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

Олимпиадалык оюндар 24-июлда башталып, 11-августта аяктайт

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен Францияга учуп кетти.

Сапардын алкагында 25-июлда Садыр Жапаровдун Париж саммитине катышуусу пландалган.

26-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат.

Жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат. Олимпиадалык оюндар 24-июлда башталып, 11-августта аяктайт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх