Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кыргызстан менен Катардын саясий диалогун бекемдөө маселеси талкууланды

Тараптар эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты

Кечээ тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, кыргыз тарап демилгелеген жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-катар кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде биргелешкен иш сапарларды ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн саясий диалогун бекемдөө маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары Авазбек Атаханов Кыргызстан менен Катардын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өркүндөтүүчү экономикалык дипломатия тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Авазбек Атаханов ошондой эле Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча имаратын куруу жөнүндө гранттык макулдашуу боюнча катар тарапка кыргыз тарабынан мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы жана КР министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси чыккандыгы тууралуу маалымат берип, кыргыз тараптын ага кол коюуга даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде элчи Аль-Марри министрдин орун басары Атахановго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-катар мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн зарыл болгон күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх