Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Тараптар ошондой эле кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты

Кечээ кыргыз тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, тартибиндеги бир катар эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Атап айтканда, тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу талкуулашып, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча пикир алмашышты.

Тараптар ошондой эле кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх