Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элчи Артыкбаев Монголиянын санариптик өнүктүрүү министри менен жолугушту

Өз кезегинде монгол тарап санариптик өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана коммуникациялар министри Цэндийн Баатархүү менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик өнүгүү чөйрөсүндө кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүү, атап айтканда санариптик платформаларды, маалыматтык системаларды жана маалымат базаларын мамлекеттик процесстерге киргизүүнү талкуулашты.

Элчи Артыкбаев Кыргызстан Монголиянын санариптик экономика жаатындагы эң мыкты тажрыйбасын жана билимин өздөштүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Баатархүү монгол тараптын санариптик өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, жакынкы келечекте өз ара кызматташуунун негизги багыттарын аныктоону сунуштады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх