Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров "Борбор Азия – Германия" мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышат

Ошондой эле президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат.

Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх