Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министр Жээнбек Кулубаев Түркиянын эчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду

Кечээ тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.

Ошондой эле алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларга, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх