Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына келди.

Мамлекет башчынын борту Казакстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан премьер-министринин орун басары - өкмөт аппаратынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх