Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльдар Абакиров Интернет, ЖМКдагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул тууралуу өз оюн билдирди

"Жоопко тартуу сот аркылуу гана болушу керек"

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган.

Анын негиздеме катында соңку учурда жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернетте мазактоо, кемсинтүү учурлары көбөйгөнү белгиленет. Документте “күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда” деп жазылган.

Бул мыйзамга карата Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров өз оюн билдирди. Анын айтымында "Айып пулдардын өлчөмү негизсиз жогорулатылган. Укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек, 100-200 миң сом эмес, 3000 сомдон ашпашы керек. Мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан гана тартылышы керектиги эске алынышы керек. Ал эми укук коргоо органдары тарабынан жазага тартылуу мүмкүнчүлүгү болсо, бул ар кандай жеке кызыктар аркылуу коррупцияга алып келиши мүмкүндүгүн унутпашыбыз керек.

Дагы бир айта кетчү нерсе, эгерде бир адам ушул мыйзамга жарашы жоопко тартылып, бир нече жылдан кийин анын айткандары чындык болуп, ал калп айтпаган болуп калышы мүмкүн. Эгерде мындай учур болсо, мамлекет тарабынан, айыпка тарткан киши тарабынан айып пул ал адамга 5-10 эселеп кайтарылып берилиши керек. Бул мыйзам адекваттуу, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген мыйзам болушу керек. Биздин Конституцияда жазылган сөз эркиндиги жөнүндөгү принциптер так жана бекем сакталышы керек” деп белгиледи депутат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх