Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдарбеков: Азыр бул мыйзамды Жогорку Кеңештен сүйрөп чыккан менен, кийин иштебей калуусу мүмкүн

Бүгүн Бишкекте «КР Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору» жана Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигине болгон укуктун ишке ашырылуусуна арналган тегерек стол өтүп жатат.

Анда ушул мыйзам долбоордун тийгизе турган кесепеттери жөнүндө журналисттер, жарандык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Акыйкатчысы, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өз ара пикир алышууда. Тегерек столду Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы өткөрүүдө.

Жыйынга катышкан ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков мыйзамдарды кабыл алууда шашылбоого чакырды. Анын айтымында, чала жазылып, шашылыш кабыл алынган мыйзамдар кийин келечекте иштебей калуусу мүмкүн.

«Менин пикиримде бул мыйзам быша элек. Коомчулукту баспай тескерисинче өстүрүү керек. Басым болгон жерде өнүгүү, өсүү болбойт. Биз ар бир кылып жаткан ишибизди келечекти ойлоо менен кылсак туура болот. Балдарыбыз жакшы жашоону башка жерден издебеши керек. Бул маселени Жогорку Кеңештен сүйрөп өткөргөн менен, келечекте иштебей калуусу мүмкүн. Коомчулукка да кулак салып, эсептешүү зарыл», — деди депутат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх