Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Абакиров: Эмоцияга берилип сүйлөп алгандарды айыпка жыккан туура эмес

Бүгүн Бишкекте «КР Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору» жана Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигине болгон укуктун ишке ашырылуусуна арналган тегерек стол өтүп жатат.

Анда ушул мыйзам долбоордун тийгизе турган кесепеттери жөнүндө журналисттер, жарандык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Акыйкатчысы, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өз ара пикир алышууда. Тегерек столду Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы өткөрүүдө.

Ага катышып жаткан депутат Эльдар Абакиров айрым адамдар эмоцияга берилип катуу сүйлөп алышы мүмкүн, бул аларды 100 миң, 200 миңдик айыпка жыккан туура эместигин белгиледи.

Депутат кошумчалагандай, аталган мыйзам дагы да ондоп-түзөөлөрдөн өтүүсү керек жана сунушталып жаткан айып пулдун өлчөмү өтө чоң.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх