Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кеңешинин жыйыны өттү
Жыйындын алкагында төрагалар Парламенттер аралык кеңештин жобосуна кол коюшту
Күн мурун төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Казакстандын Парламентинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык кеңештин II жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.
Жыйынды ачып жатып эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына токтолгон төрага Нурланбек Шакиев: “Соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда көптөгөн келишимдерге жетишилип, мамлекеттер аралык кызматташууга бекем пайдубал болду. Айрыкча президент Садыр Жапаровдун быйыл Казакстанга жасаган расмий сапары байланыштардын жаңы барагын ачып, өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түздү. Тагыраагы, алакаларды арттырууга багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлду”,- деди.
Ошону менен бирге парламенттер аралык мамилелер да жигердүү өнүгүп жатканын сөз кылган төрага акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, жогорку деңгээлдеги көптөгөн жолугушуулар өткөнүн белгиледи.
“Парламенттер аралык дипломатия эки өлкөнүн ортосундагы саясий өз ара диалогду жакшыртууга, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди алдыга жылдырууга, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдик базаны кеңейтүүгө көмөкчү болот”, - деген Нурланбек Шакиев парламенттер аралык кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрүүнүн негизги механизми катары бүгүнкү өткөрүлүп жаткан парламенттер аралык кеңештин жыйынын мисал кылды.
Отурумда соода-экономикалык маселелер тууралуу да пикирин айткан Төрага Казакстан Кыргызстандын аталган багыттагы башкы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп: “Быйыл апрель айында Астанада кыргыз-казак бизнес форуму өтүп, анын жыйынтыгында 300 млн долларлык 9 документке кол коюлган. Андан сырткары, инвестициялык байланыштарды мындан ары өркүндөтүү максатында инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңыланган өкмөттөр аралык макулдашууга да жетишилген”, - деди.
Ага ылайык, Нурланбек Шакиев аталган келишимдердин бардыгын ийгиликтүү ишке ашыруу менен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2030-жылга чейин 3 млрд долларга жеткирүү зарыл экенин кошумчалады.
Муну менен катар аймактар аралык кызматташтыкты тереңдетүү жана чек арадагы айрым маселелерди чечүү жаатындагы ойлору менен бөлүшкөн Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан менен Казакстандын шаарларынын жана облустарынын ортосундагы алакаларды арттыруу боюнча жетишилген келишимдерге карабастан, аталган багыттарда алгылыктуу иштер жасала элек. Андыктан, өлкө башчыларыбыздын демилгеси менен түзүлгөн Кыргыз-казак аймактар аралык кызматташуу форумунун потенциалын жигердүү пайдалануубуз кажет. Мындан тышкары, маданий байланыштарды да тереңдетип, эки өлкөнүн интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусунда көргөзмөлөрдү, илимий симпозиумдарды, тегерек столдорду, поэзия кечелерин, семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүшүбүз керек. Бул иш-чаралар боордош эки элдин ынтымагын арттырууга жардамчы болот”, - деди.
Ошондой эле кыргыз-казак достугуна данакер болгон инсандар тууралуу сөз кылган Төрага: “Бизде Токтогул менен Жамбыл сындуу эки элге көпүрө болгон залкарлар арбын. Алардын көчүн улап, эки элдин орток уулуна айланган алгачкы кыргыз жетекчилеринин бири Жусуп Абдрахмановдой атабызды да айта кетпесек болбос. Кыйын учурларда канатташ жашаган эки боордош калкка бирдей кызмат кылып, достугун бекемдеген атабыздын ысымын Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине ыйгаруу сунушу берилген. Андыктан, аталган демилгени колдоп бересиздер деген терең ишеничтемин”, - деди.
Ал эми Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов да өнөктөштүктү өрчүтүү жаатындагы маселелерди көтөрүп, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү багытындагы пикирлерин айтты.
Анын ичинен соода-логистикалык маселелерди чечүү, чек арадагы өткөрмө жайлардын ишин жакшыртуу жана туризм тармагында кызматташуу зарылчылыгына токтолду. Тагыраагы Алматы - Ысык-Көл жаңы каттамынын ачылышы аталган багыттардагы алгылыктуу иштердин бири болорун кошумчалады.
Муну менен катар экономикалык-инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган Ерлан Кошанов биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана Кыргызстандагы тоо-кен тармагында ийгиликтүү иштеп жаткан казак компаниялар жөнүндө мисал кылды.
Ошондой эле кыргыз менен казакка орток инсандардын өмүр жолун даңазалап, коомчулукка үлгү катары көрсөтүү керектигин билдирген Мажилис Төрагасы аталган багытта да тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Эскерте кетсек, жыйындын алкагында төрагалар Парламенттер аралык кеңештин жобосуна кол коюшту.