Садыр Жапаров менен Виктор Орбандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
Төмөнкү документтерге кол коюлду
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кечээ, 5-ноябрда, кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация;
- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Венгриянын Улуттук салык жана бажы администрациясынын ортосунда кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;
– Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташтык программасы;
- Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга STIPENDIUM HUNGARICUM программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.