Режеп Тайып Эрдоган Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды
Түркиянын президенти кыргыз-түрк достугунун жана кызматташтыгынын бекем белгиси болгон медициналык мекеменин расмий ачылышын өткөрдү
Кечээ Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.
Саламаттык сактоо министригинен билдиришкендей, анда Түркия лидери бейтаптарга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Ооруканага барган учурда Эрдоганды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коштоп жүрүштү.
Ошондой эле Түркиянын президенти кыргыз-түрк достугунун жана кызматташтыгынын бекем белгиси болгон медициналык мекеменин расмий ачылышын өткөрдү.
Белгиленгендей, аталган оорукана Кыргызстандын жарандарына мурда жетишилген келишимдердин негизинде 2021-жылдын октябрь айында медициналык кызмат көрсөтө баштаган. 2023-жылы ооруканада үч бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы, ал эми 2024-жылдын июнь айында боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөн.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алуу менен аталган ооруканага анын аты берилген.