Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТМУнун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Макулдашуу түрк мамлекеттер ортосунда Жарандык коргонуу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болмокчу

Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында уюмдун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Макулдашууга КР министрлер кабинетинин атынан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кол койду. Калган мамлекеттердин атынан Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшту.

Кол коюунун негизги максаты – ТМУга мүчө өлкөлөрдүн, байкоочу-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн аймагында өзгөчө кырдаалдар жана айттырбай келген кырсык катталгандыгы тууралуу суроо-талап түшкөн учурда зарыл болгон чараларды канааттандыруу үчүн ыкчам таасир этүүгө биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Макулдашуу түрк мамлекеттер ортосунда Жарандык коргонуу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болмокчу.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх