Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары "Маариф" билим берүү мекемесине барышты
Мында балдар сыйлуу меймандарга "Манас" эпосунан үзүндү айтып, кыргыздын башка салттуу күүлөрүн аткарып беришти
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Бишкектеги "Маариф" билим берүү комплексинде болушту.
Белгиленгендей, 2020-жылдын 10-ноябрында Анкара шаарында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен "Маариф" фондунун ортосунда Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча келишимге кол коюлган.
Билим берүү мекемеси Бишкекте 2021-жылдан бери иштей баштаган. "Маариф" комплексинде окутуу программалары кыргыз жана орус тилдеринде ишке ашырылат, ошондой эле англис тилиндеги эл аралык программа да каралган. Мындан тышкары, түрк тили курстары бардык окуучуларга сунушталат.
"Маариф" билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда биринчи айымдар Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган окуу класстарын кыдырып, илимий долбоорлорун, робототехника боюнча даярдаган эмгектерин жана өз колдору менен жасаган буюмдарын көрсөткөн окуучулар менен жолугушту.
Мында балдар сыйлуу меймандарга "Манас" эпосунан үзүндү айтып, кыргыздын башка салттуу күүлөрүн аткарып беришти.
"Маариф" комплексине баруу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ишке ашты.