Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Виктор Орбанга “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды

“Венгриялык бир туугандар менен кызматташуубуз узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана практикалык өнөктөштүктү көздөйт"

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-ноябрда, Венгрия премьер-министри Виктор Орбанга “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды.

Сыйлык Виктор Орбанга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө, ошондой эле эл аралык аренада Түрк мамлекеттер уюмунун кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзгөн өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылды.

Тапшыруу аземинде Садыр Жапаров Венгрия Түрк мамлекеттер уюмунда өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

“Биздин өлкөлөр менен Венгриянын ортосунда бардык деңгээлдерде мазмундуу саясий диалог түзүлгөн, ар түрдүү тармактарда жемиштүү кызматташтык, ошондой эле Европа Биримдигинин жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өнөктөштүк уланууда”, - деди Мамлекет башчысы.

Ал Виктор Орбандын жетекчилиги астында Венгриянын Европа Биримдиги менен түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердеги ролу тынымсыз өсүп, маанилүү болуп баратканын баса белгиледи.

“Венгриялык бир туугандар менен кызматташуубуз узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана практикалык өнөктөштүктү көздөйт. Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун европалык кеңсесин ачуу – мындай маанилүү жана келечектүү долбоорду ишке ашыруу биздин венгер кесиптештерибиздин түрк интеграциясына умтулуусу, ошондой эле Виктор Орбан мырзанын жеке салымынын аркасында мүмкүн болду”, - деп, Президент бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюмунун Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинин ишмердүүлүгү Түрк жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү маанилүү механизм, көпүрө болуп саналарын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Будапешт кеңсесинин жетекчилиги астында дүйнөлүк деңгээлдеги венгриялык инженерлердин суу ресурстарын башкаруу боюнча билимин жана технологиясын колдоно турган кургакчылыкты алдын алуу Институту түзүлгөнүн кошумчалады. Ал бүгүнкү күндө глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө актуалдуу.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх