Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну өнүктүрөт

2050-жылга чейин биздин өлкө көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү пландап жатабыз

Кыргызстан "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну өнүктүрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммитинде билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, учурда Кыргызстанда улуттук деңгээлде жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен биргеликте энергетикалык коопсуздукту жана энергиялык натыйжалуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Өлкөдө элүүдөй чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Камбар-Ата-1" эң ири ГЭСин Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте куруу боюнча макулдашуулар жетишилди. Сиздерди ушул ири долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырам. Өз кезегибизде, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган Технологиялар жана "жашыл" демилгелер боюнча аймактык борборду түзүү маселесин карап чыгууну сунуштайбыз", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстан климаттын өзгөрүшү жана экологиянын булганышы сыяктуу курч маселелерге да өзгөчө көңүл буруп келерин айтты.

"Биз кайра жаралуучу энергия, токойду калыбына келтирүү, ресурстарды үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологияларды киргизүү, мөңгүлөрдү жана биологиялык түрлөрдү сактоо, жерлердин деградациясына жана чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү чөйрөсүндө биргелешкен «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну өнүктүрөбүз.

Мындан тышкары, 2050-жылга чейин биздин өлкө көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү пландап жатабыз.

Кыргыз Республикасы эл аралык аренада тоо күн тартибин жана тоо демилгелерин жигердүү алга жылдырып келүүдө. Бул багытта эл аралык аянтчаларда биргелешип иш алып барууну сунуштайбыз", - деп белгиледи өлкө башчысы.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх