Жогорку Кеңеш эркин экономикалык зоналар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрду киргизүүнү талкуулады
Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Марлен Маматалиев
Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Марлен Маматалиев.
Мыйзам долбоорун Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды.
Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу, мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, “Бишкек” ЭЭЗ аймагында иш алып барган ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 427-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, боштуктарды жана түшүнүксүздүктөрдү жоюу болуп саналат.
Мындан тышкары жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоору жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.
Талкууда депутат Илимбек Кубанычбеков мыйзамдын кабыл алынышы менен Жол фондуна чогулуучу каражаттарды, күйүүчү майга болгон баалардын туруктуулугун сурады. Депутат Таалайбек Сарыбашов район аймагындагы ички жолдорду калыбына келтирүү, тендер өткөрүү талаптарына көңүл бурду.