Түндүктөн түштүккө шаарды аралап өтүп жатат
Депутат Абакиров Бишкектеги тыгынды азайтуунун жолун айтт
Бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Абакиров Бишкек шаарын айланып өтө турчу жолду жаңылоо керектигин айтты.
Анын айтымында, Бишкекти айланып өтчү жолдун начардыгынан Нарын, Ысык-Көлдөн түштүк тарапты көздөй бара жаткандар шаардын ичи менен өтүүгө аргасыз болушууда. Эл өкүлү бул өз кезегинде шаар ичинде тыгын жаратып жатканын белгиледи.
"Айланма жолдун, "Дордой" базарынан ылдыйкы бөлүгү дагы деле жаңылана элек. Ошол жолду жаңыласак Бишкектеги тыгындардын саны кыйла азаят. Анткени Сокулук, Кара-Балтада жашап, ушул "Дордой" тарапта иштегендер бар. Алар шаар аркылуу өтөт. Түндүктөн түштүккө өткөндөр дагы Бишкекти аралап өтүп жатат", - деди Абакиров.