Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бирөө тушоо тойго барышы керек болсо эле ушинте беребизби" Депутат Акаев кесиптештерин сындады

Мындан улам Жанар Акаев кесиптештерине нааразы болду

Бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кесиптештерин регламентти бузбай иш алып барууга чакырды.

Жыйында алгач Ар кандай маселелер каралмак. Бирок депутат Советбек Рустамбек уулу Ар кандай маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштады. Ага 4 эл өкүлү каршы болсо, 47 депутат колдоп, жыйынтыгында Рустамбек уулунун сунушу колдоо тапты.

Мындан улам Жанар Акаев кесиптештерине нааразы болду.

"Регламент Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн эң маанилүү, негизги документтердин бири. Ал жерде Ар кандай маселелер күн мурун бекитилген. Анда депутаттар аймактардан келген каттардагы элдин арыз-муңун айтышы керек да. Анан бирөө тушоо тойго барышы керек болсо, же дагы бирөөнүн түштөн кийин жумушу чыгып калса эле Ар кандай маселелерди алып сала беребизби? Ушундай жаман адат пайда болду. Мындан ары андай кылбасак",- деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал көптөгөн мыйзам долбоорлору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынып жатканын сынга алды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх