Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын кеңешинин жыйынына катышты

Төрага Шакиев КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынына да катышып, баяндама жасары күтүлүүдө

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйын Россиянын Санкт-Петербург шаарында өттү.

Анда КМШга мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттырууга байланышкан чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Муну менен катар Улуу Жеңиш майрамын белгилөөгө арналган иш пландар боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле жыйында кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралып, аталган кызматка Россиянын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шайланды.

Белглей кетсек, төрага Шакиев КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынына да катышып, баяндама жасары күтүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх