Төрага Нурланбек Шакиев: Жогорку Кеңеш гендердик зомбулукка каршы 16 кундук өнөктүктү колдойт
Аялзатына карата жасалган зордук-зомбулуктардын алдын алууга жана жоюуга багытталган өнөктүктү колдойбуз
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аялзатына карата зордук-зомбулуктардын алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк өнөктүктү колдойт. Бул тууралуу кече, 26-ноябрдагы парламент жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Тагыраагы, Төрага аталган акция жыл сайын 25-ноябрда башталып, 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин өткөрүлөрүп келе жатканын белгилеп: “16 күндүк кампания аялзатына карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу багытында мамлекеттик органдардын, жарандык коомдордун, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, медиа каражаттардын жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн аракеттерин бириктирүүгө арналган”, – деди.
Ошондой эле бул өнөктүк Кыргызстанда алгач 2008-жылы уюштурулганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеш да башкы мыйзам чыгаруу органы катары аталган маселеге астейдил көңүл буруп, аялзатына карата жасалган зордук-зомбулуктардын алдын алууга жана жоюуга багытталган өнөктүктү колдойбуз”, – деп кошумчалады.