Милдеттүү медициналык камсыздандырууфондунун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды
Алар белгилегендей, дары-дармек каражаттары рыногундагы кырдаал татаал жагдайлардын бири болуп саналат
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулуп, “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилене бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоорлору боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева маалымат берди. ММК Фондунун 2024-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган параметрлери 20 млрд 108 млн 235 миң сомду түзөт. Министр белгилегендей, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджети 8 млрд 23 млн 976 миң сом өлчөмүндө каралган.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Эльдар Абакиров калкты дары-дармектер менен жеткиликтүү баада камсыздоо маселесин көтөрүштү. Алар белгилегендей, дары-дармек каражаттары рыногундагы кырдаал татаал жагдайлардын бири болуп саналат, анткени системалуу мамиле жана жөнгө салуу механизмдери жок. "Республика боюнча "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары ачылган. Анда дары - дармектердин баасы төмөн экени айтылган, бирок иш жүзүндө баасы жеке дарыканалардагыдай", - деди Сүйүнбек Өмүрзаков
Депутат Жылдыз Садырбаева Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу департаментинин калктын дары-дармек менен камсыз болуу абалын талдоо жана баалоо боюнча ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылдыгына басым жасады.
Депутат Кундузбек Сулайманов медицина кызматкерлеринин эмгек акысына, өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы саламаттык сактоо мекемелеринин имараттарынын абалына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Депутат Винера Раимбачаева Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган ММК фондундагы былтыркы финансылык мыйзам бузуулар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыкты.
Депутат Камила Талиева
профилактикалык иш-чараларга каралган каржыга токтолуп, баш калаадагы экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу дем алуу органдарынын оорулары көбөйүп жатканын белгиледи. Баткен облусунун Лейлек районунда вирустук гепатитти аныктоого экспресс-тесттер жоктугун айтты.