Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

 Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат

Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.

Мамлекет башчысынын борту Астанадагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх