Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактардагы актууалдуу маселелерге көңүл бурушту  

Бишкек шаарында эски турак жайлардын бузулушу тууралуу кабар кызуу реакцияны жараткан

Алсак, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун кышкысын көзөмөлгө алуу, керектү техникалар менен камсыздоо жана кар күрткүсүнөн өз убагында тазалап туруу жагдайларын белгиледи.  

Бишкек шаарында эски турак жайлардын бузулушу тууралуу кабар кызуу реакцияны жаратканын депутат Дастан Бекешев айтты. Ал анын ордуна инфраструктураны оңдоп, социалдык обьекттерди курууну демилгеледи.  "Бизде канализация түтүктөрү эскирген жана жакында жарылуудан фонтандар болушу мүмкүн. Мына, жылуулук тармагынын түтүктөрү туруштук бере албай, жарылуу болуп жатат. Муздак суу, канализация, ысык суу, жылуулук менен камсыздоо-бул кантип ишке ашат?”- деди депутат. 

Эл өкүлү Рустамбек уулу Советбек Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында эл менен болгон жолугушууда айтылган социалдык обьекттерди куруу, анын ичинде 1960-жылы салынган оорукананын жараксыз имаратын жаңылоо талабын жеткирди. Ал эми депутат Бактыяр Калпаев унаа газынын тартыштыгы, ага болгон баалардын көтөрүлүшү боюнча көйгөйдү айтып, бул жагдайды жөнгө салууну белгиледи. 

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр каналын оңдоо эл аралык донорлор аркылуу башталып жаткан чакта, тендер иштери созулуп, курулуш иштери кечигип жатканы тууралуу маселени көтөрдү. Алишер Козуев аймактагы бир катар айылдардын сууга муктаждыгын эске алып, бул маселени тез арада чечүүнү айтты. 

“Яндекс” такси паркынын баасынын кымбаттыгын, айдоочулардын кайрылуусун депутат Жанарбек Акаев көтөрдү. "Яндекс" - рынокто монополистке айланды. Алар өздөрү каалагандай баа коюп жатышат. Биздин рынокко 7% менен кирип, учурда кызмат акысы 21%га жетти. Буга мамлекеттик органдар тарабынан кандайдыр бир чара болуш керек”,- деди ал. 

Депутат Кундузбек Сулайманов айыл өкмөт башчылардын, аймактагы мэрлердин кызматтык унааларын жаңылоо муктаждыгын белгиледи. Депутат Бакытбек Марипов Москвага болгон сапарындагы мигранттардын кайрылуусун айтты. Ошондой эле ал өлкөнүн ички аба каттамдарына болгон жогору бааларды көзөмөлгө алуу талабын койду.  

Мындан тышкары, депутат Русланбек Жакышов “Талас келечек балдары” кайрымдуулук фондунун кайрылуусуна токтолуп, шал оорусу менен ооруган балдарга аймакта өзүнчө борбор куруу маселесине кайрылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх