ЖКда милиционерди видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды
Бекешев мыйзам долбоорунда андай жоктугун эскертти
Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-ноябрдагы отурумунда биринчи окуудан кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, баяндамачы депутат Сүйүн Өмүрзаков долбоорго депутаттардан жана Министрлер кабинетинин сунуштары, өзгөртүүлөр экинчи окуудан киргизилерин билдирди.
Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүн айтып, бирок милиция кызматкерлерин сүрөт-видеого тарткан жарандардын укугуна байланышкан маселе көтөрдү.
Мыйзамдын автору милиция кызматкерлерин иш үстүндө сүрөт-видеого тартып, аны монтаждап, интернетке жарыяласа гана, жоопко тартыларын айтты. Бекешев мыйзам долбоорунда андай жоктугун эскертти.
Эске салсак, долбоорго ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, алардын ишине кийлигишүү жана дискредитациялоо максатында тартылган видеолор үчүн 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 5 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу жазасы каралат.