Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абактагы Султанбековдун ачкачылык кармаганына 16 күн болду

Бишкектин Свердлов райондук соту камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын тандаган

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иш боюнча соттук отурум 2-декабрда Бишкек шаардык сотунда болот. Ага буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын тандаган.

Белгилей кетсек, Султанбековдун абакта ачкачылык кармаганы 16-күнгө кетти.

Партия лидери абакта отурган убакта экс-президент Алмазбек Атамбаевге бир жолу, президенттик администрациянын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековго бир жолу, Борбордук шайлоо комиссиясына эки жолу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге эки жолу, Президент Садыр Жапаровго бир жолу кат жазган.

Эске салсак, «Социал-демократтар» партиясы шайлоо мыйзамдарын бузду деп 17-ноябрда болгон жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан четтетилген. Ал эми партия лидери Темирлан Султанбеков жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер добуштарды сатып алууга айыпталып камакка алынган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх